Капчыгайдан сөөгү табылган жигиттин апасы кылмыштын айрым жагдайлары ачылган жок дейт
RU

Капчыгайдан сөөгү табылган жигиттин апасы кылмыштын айрым жагдайлары ачылган жок дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылы 22 жаштагы Байнур Тороев дайынсыз болуп, көп узабай эле анын сөөгү Чычкан капчыгайында кырсыкка кабылган унаадан табылган. Анын өлүмүнө шектелип мурда сот жообуна тартылган жаран кармалган эле.

Бүгүнкү күндө тергөө иштери аягына чыга элек. Бирок жабырлануучу тарап тергөө толук кандуу жүргөн жок деп нааразычылыгын айтууда. Уулунан ажыраган Тилек Туйбаева көп жагдайлар ачылбай калды деп редакцияга буларды айтып берди.

"Уулум былтыр 20-октябрда тигүү цехине жумушка барам деп үйдөн чыгып кеткен. Үтүкчү болуп иштечү. Ошол күнү үйгө кайра келген жок, жумуштан намазга барганын балдар көрүшүптүр. Кечинде чалдым, алган жок. СМС билдирүү жазсам "апа, туулган күндө жүрөм, барып калам" деди. Эртеси күнү эртең менен унаасы жок экен, үйгө келбегенин билип, телефон чалсам "дос баламдыкында жатам" деди. Уулум антип эч кимдикине жатып, түнөчү эмес. Чоочун адамдар менен да сүйлөшчү эмес.

Мага жазганда да ката жазды, балам ката жазчу эмес, адабиятчы же журналист болом дечү. Ошондо шекшидим", - дейт Туйбаева.

Баласына тынчсызданган эне 21-октябрда Свердлов РИИБине кайрылган. Анткени уулунун чогуу иштешкендери Байнурдун ошол күнү ишке келбегенин айтышкан.

"Досумдукундамын дегенден кийин күтсөм келген жок, СМС билдирүү да жөнөткөн жок. Башка цехте иштеген байкесинен сурасам, ал жумушчулардан сурап, ошол күнү ишке барбаганын айтты. Аны уккандан кийин Байнур өзү иштеген цехке барып "кечээ кимдин туулган күнү болду эле, Байнур келбей калды?" деп сурасам алар "туулган күн болгон жок" деп таң калышты. Дароо эле милицияга барып, арыз жаздым. Эртеси, 22-октябрда саат 9-10дордо баламдан чалуу түштү.

Сүйүнүп кетип эле телефонду алсам чоочун адам: "Балаңар ооруканага жатып калды, Токтогулдун ооруканасына келгиле. Унаасы сайга түшүп кетиптир, чыгарып жатабыз, байланыш начар болуп жатат" деп коюп койду. Мен ал жакка эмнеге барат деп таң болуп калдым", - дейт.

Тилек Туйбаева суук кабарды угары менен Токтогул районуна барган. Бирок баласын ооруканадан эмес, өлүкканадан сөөгүн алып кеткенге аргасыз болгон. Көрсө уулу жол кырсыгынан эмес, киши колдуу каза болгон экен.

"Балам үйгө келбей калган күнү эле унаасы сатыкка чыгарылган экен. 21-октябрда унаасы сатылыптыр. Ошол убакта балам кайда жүрдү? Ал бирөөгө унаасын берип коюп "мына сат" дебейт да. Балам буюм болсо бир жөн. Бул жерде кылмышкер бирөө эле эмес. Же аялы же жанындагы бала аралашкан", - деген күмөнүн билдирди.

Байнур Тороевдин өлүмүн иликтөөгө Тилек Туйбаеванын ичи чыккан жок. Айтымында, уулун 2 күн кыйнап андан кийин өлтүргөн.

"Биз унааны саткан видеолорду тергөөчүлөргө бергенден кийин ынанышты. Уулумдун кыркына жакын калганда иш кандай жүрүп жатат болду экен деп Токтогулга барып, кайра келе жатканда Байнурдун сөөгү табылган жерге куран окудук. Ошол жерден бир аз ылдый жерден шектүүнүн кепкасын таап алдык. Унааны сатып, акчаны санап алып жатканда ошол кепканы кийип жүргөнүн көргөнбүз. "Тез жардамдын" кызматкерлери деле айтып жатышат, сөөгү ката элек болчу дешип.

2 күн кандай азап көргөнүн билгим келет.

Адамды 2 күн кармашып, унаасын сатып жаткандан кийин ага да берене менен иш ачылыш керек эле да. Шектүү "мен эле өлтүргөм" деп күнөөнү өзүнө алып жатат. Бир эле берене менен карап жатканына каршымын", - деди Туйбаева.

Кылмыш ишинин тергелиши

Жабырлануучу тарап окуя Бишкек шаарында катталганын, мындан улам ишти бул аймакка өткөрүп берүү өтүнүчүн келтирген. Бирок ал өтүнүч канааттандырылган эмес.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында Байнур Тороев 2023-жылдын 22-октябрына караган түнү саат 04:00 чамасында Чычкан капчыгайында К.А. менен сөз талашып урушуп кеткенин, натыйжада К.А. Байнурду колунун билеги менен муунтуп өлтүрүп, кылмышты жашыруу максатында унаанын рулуна отургузуп, машинаны сайга түрткөнү айтылат.

Бул факты боюнча Токтогул РИИБи тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине 122-берене (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Токтогул милициясы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары К.А. кармалып камакка алынган. 8-декабрда аталган иш Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши боюнча тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматына келип түшкөн.

Тилек Туйбаева Бишкек шаарында жашагандыктан жана ден соолугуна, үй бүлөлүк шартына байланыштуу тергөө аракетине катышууга бара албай жаткандыгын айтып, кылмыш иши боюнча тууганын мыйзамдуу өкүл катары катыштыруу боюнча өтүнүч арыз жазып жиберген.

Аталган кылмыш иши ар тараптуу тергелгенден кийин соттук кароого өткөрүп берүү үчүн Жалал-Абад облусунун прокуратурасына жиберилерин белгилешти Жалал-Абад ОИИБден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15348