200 миң доллар опузалаганга шектелген облус башчынын кеңешчиси үй камагына чыгарылды
RU

200 миң доллар опузалаганга шектелген облус башчынын кеңешчиси үй камагына чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаевдин кеңешчиси 200 миң доллар опузалаганга шектелип, 2 айга камакка алынган. Анын бөгөт чарасы өзгөргөнүн облустук соттон Kaktus.kg сайтына билдиришти.

Баткен райондук сотунун 17-январдагы токтому менен айыпталуучу Т.А.Мнын бөгөт чарасы өзгөрдү. Ага ылайык, ал 21-февралга чейин үй камагына алынды.

Белгилесек, былтыр 23-ноябрда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси кармалган. УКМКдан кеңешчи көмүр казуучу ишкананын башкы директорунан 200 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөнүн билдирген. 25-ноябрда райондук сот Т.Мамытовду 2 айга камакка алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15351