Аскерлерге зомбулук көрсөткөн деген шек менен жетекчи кармалды
Коргоо министирлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин жооптуу кызмат адамдары кармалды. Алар аскер кызматкерлерине карата зомбулук көрсөткөнгө шектелип жатканын Башкы прокуратурадан билдиришти.
Тема боюнча:
Маалым болгондой, Аскер прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анда аскердик бөлүктөрдүн биринде жоокерлерге зомбулук көрсөтүү фактысы аныкталган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголуп, аскер бөлүктүн 3 жетекчиси камакка алынды.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмышка тиешеси бар башка жооптуу кызмат адамдары такталууда.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/15357