60 жаштан ашкан зордукчуларды өмүр бою эркинен ажыратуу сунушталды
RU

60 жаштан ашкан зордукчуларды өмүр бою эркинен ажыратуу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Мирлан Самыйкожо 60 жаштан ашкан кылмышкерлерди өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылды. Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Нарындагы 7 жашар кыздын өлүмүнө айыпталган кишинин 12 жылга абакка кесилгенин кубаттаган жок.

"60 жаштан ашкан киши 7 жашар кыз баланы зордуктап, өлтүрүп койгон. Ошол иш көзөмөлгө алынбай жатат. Мыйзамда 60тан ашкан дан кийин өмүр бою эркинен ажыратууга болбойт деген нерсе бар экен. Жаңы сунушталып жаткан мыйзамга ушуну да киргизишибиз керек. Жаш курактын өсүү процесси жүрүп жатканда мезгилде 60 жаштагы адам мурдагы 40 жаштагы адамдай эле. Мындай зордукчулдарга өмүр бою эркинен ажыратууну киргизүү керек", - деди ал.

Эске салсак, ушул жылдын 28-апрелинде Нарын районунун Орто-Нура айылында 7 жаштагы кыз мектепке кеткен бойдон кайтып келген эмес. Апасы милицияга жана айыл тургундарынын WhatsApp группасына кабар берген. Ошол эле күнү саат 22:10 чамасында кароосуз калган үйдөн 7 жашар кыздын жансыз денесин жергиликтүү тургундар табышкан.

Окуучунун денесине сырттан кароо жүргүзүүдө күч колдонулган белгилер аныкталган. Шектүү катары ошол эле айылдын 1959-жылы туулган Ш.Х. аттуу тургуну мас абалында кармалып, СИЗОго киргизилген. Август айында Нарын райондук соту айыпталуучуну 12 жылга эркинен ажыратты.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: tsn.ua.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14586