"Манас" аэропорту сатып ала турган учак кандай? Сүрөт
RU

"Манас" аэропорту сатып ала турган учак кандай? Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси Манасбек Самидинов Канададан сатып алган эки учак качан келерин айтты. Ал Facebook баракчасына учурда учактар модернизациялоодон өтүп жатканын жазып, сүрөттөрү менен бөлүштү.

Манасбек Самидинов Канада мамлекетинин Калгари шаарында "Asman Airlines" авиакомпаниясынын жетекчиси менен учактарды модернизациялоодон өткөрүп жаткан "De Havilland Aircraft of Canada" учак чыгаруучу авиакомпаниянын башкы директору менен жолуккан.

"Былтыркы жылы сатып алган учактарыбызды жакын арада алып келгенге даярданып жатабыз.

Азыркы маалда учактарыбызга заманбап кычкылтек системаларын орнотуу иштери, мындан тышкары жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугун көбөйтүү үчүн орундуктар, жана учактын тышын биздин компаниянын брендине тууралоо иштери жүргүзүлүүдө.

Анткени учактарды өзүбүздүн брендге тууралап жасалгалоо маркетингдик стратегиянын негизги бөлүгү болуп саналат, себеби биздин бирдиктүү стиль биздин компанияны таанытууга чоң өбөлгө түзүп, уникалдуулугун жогорулатат", - деди аэропорт жетекчиси.

Белгилей кетсек, "Манас" эл аралык аэропорту биринчи жолу өз эсебинен Канададан эки учак сатып алган. Манасбек Самидинов бир учактын баасы 6 млн доллардын тегереги болорун айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15373