Улуттук хирургия борборунун адистери боорду алмаштыруу боюнча окууга жөнөтүлдү
RU

Улуттук хирургия борборунун адистери боорду алмаштыруу боюнча окууга жөнөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук хирургия борборунун адистеринен турган топ Түркиянын Инөнү университетинде органдарды трансплантациялоо боюнча акысыз окуудан өтүшөт. Алар бүгүн, 24-январда аталган өлкөгө жөнөтүлгөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

13 адистен турган дарыгерлер тобунда хирургдар, анестезиологдор, УЗИ дарыгери, лаборант жана медайымдар бар. Алар боорду трансплантациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө керектүү билим алып, практикалык тажрыйба топтоо үчүн үч айлык мөөнөткө кетишти. Адистер окуу мезгилинде бекер жатакана жана тамак-аш менен камсыз болушат.

Белгилесек, 11-12-январда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев органдарды трансплантациялоо боюнча Түркиянын беш мыкты мекемесинин бири - Инөнү университетинде болгон. Иш сапардын жыйынтыгында Саламаттык сактоо министрлиги менен Инөнү университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15379