"Бул жагдай бизди чыйралтты". Улукбек Карыбек уулу үй камагына чыккандан кайрылуу жасады
RU

"Бул жагдай бизди чыйралтты". Улукбек Карыбек уулу үй камагына чыккандан кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогер Улукбек Карыбек уулу үй камагына чыккандан кийин кайрылуу жасап, элге ыраазычылыгын айтты. Ал соцтармактагы баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө душмандары көп экенин белгиледи.

"Үй камагына чыктык, бул да болсо сот системасынын адилеттүүлүккө жасаган кадамы десек болот. Бирок мыйзамсыз, адилетсиз иш кылган адамдарды көрсөттүк эле, тилекке каршы чабуул бизге жасалып калды. Биз күнөөлүүлөр ким экенин, кимдин укугун ким бузганын далилдеп, аягына чейин чыкмайынча бул ишти токтотпойбуз.

Урматтуу кыргызстандыктар, барыңыздарга абдан ыраазымын, жүрөгүмдүн тереңинен ыраазычылык айтам! Мага элимдин колдоосу болду. Өзүңүздөр билгендей, азыр менин душмандарым көп, мага чабуул жасайм дегендер бар. Ошолордун азуусуна салып бербеген Кудайга, элиме рахмат. Жактоочулар да жардам берип, мунун баары куру доомат экенин сотко далилдеп беришти", - дейт ал.

Улукбек Карыбек уулу жасап жаткан ишин токтотпой турганын, дагы да күчөй турганын кошумчалады.

Бул жагдай бизди чыйралтты, укуктук жаатта кыла турган иштер көп экенин көрсөттү.

Эске салсак, 15-июлда Карыбек уулу "бейбаштык" беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагында Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камалган.

16-июлда Ош шаардык сотунда блогердин баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13457