Муфтий Замир Ракиев өз каалоосу менен кызматтан кетти
RU

Муфтий Замир Ракиев өз каалоосу менен кызматтан кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Замир Ракиев отставкага кетти. Бул тууралуу ал борбордук мечитте жума намазда билдиргени айтылууда.

Замир Ракиев кызматтан кетүүсүнүн себебин түшүндүргөн эмес.

Муфтияттан редакцияга маалыматты ырастап, З.Ракиев өз каалоосу менен кеткенин билдиришти.

"Бүгүн, 26-январь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин кезексиз протоколдук жыйыны болду. Жыйында Муфтий Замир Ракиевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы каралды. Натыйжада арызы канааттандырылып, Замир Ракиев Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызматынан бошотулуп, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө кабыл алынды", - дешти башкармалыктан.

Муфтияттын уставына ылайык, муфтийдин биринчи орун басары Самидин Атабаев Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин милдетин аткаруучусу болуп бекитилди.

Белгилесек, Замир Ракиев өлкөнүн муфтийи болуп 2021-жылдын июнь айында дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15404