Өлкөнүн муфтийи кызмат ордуна конкурс жарыяларды. Талаптар
RU

Өлкөнүн муфтийи кызмат ордуна конкурс жарыяларды. Талаптар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкөнүн муфтийи кызмат ордуна конкурс жарыялады. Талапкер болууну каалагандар бүгүн, 27-январдан баштап документтерин берүүгө тийиш.

Документтерди кабыл алуу 6-февралга чейин саат саат 10:00-17:00гө чейин жүргүзүлөт.

Каттоого катышуу үчүн керектүү документтер:

  • Талапкердин Каттоо комиссиясынын төрагасынын наамына жазган арызы;
  • Кадрларды каттоо баракчасы 4 даана ¾ өлчөмүндө сүрөтү менен (байланыш маалыматтары, жашаган жеринин дареги сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек);
  • Паспортунун көчүрмөсү (ID карт);
  • Резюме. (Устазынын аты-жөнү, илимий жетишкендиктери, иш тажрыйбасы жана алган сыйлыктарына басым жасалат);
  • Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • Мүнөздөмө (КМДБдан же облустук/ шаардык Казыяттардан);
  • Жогорку диний жана жогорку светтик билимин тастыктоочу документеринин көчүрмөлөрү;
  • Соттолбогондугу тууралуу аныктама каты.

Талапкер үчүн коюлган талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын негизги мыйзамдары жана демократиялык коомдун негизги принциптери жөнүндө түшүнүгү бар;
  • Матуриди акыйдасын жана Ханафи мазхабын терең билген / карманган;
  • Жогорку диний жана жогорку светтик билимге ээ;
  • Куран, тафсир, акыйда, хадис, фикх жана башка Ислам негиздерин терең өздөштүргөн;
  • Муфтияттын курамында беш жылдан кем эмес жетекчилик кызматта иштеген;
  • Мусулман коомчулугунун, туугандарынын, үй-бүлөсүнүн арасында аброю жогору болгон жана элдин ишенимине кирген;
  • Мурда соттолбогон;
  • Эч бир саясий партияларга жана кыймылдарга катышы жок;
  • Жетекчилик, уюштуруучулук жана лидерлик сапатка ээ;
  • Адеп-ахлагы бийик, адилеттүү, адамгерчиликтүү, такыба, гумандуу, чынчыл жана калыс;
  • Мамлекеттик жана араб тилдеринде эркин сүйлөгөн жана мына ушул тилдерде өз ой пикирин кеңири жаза алган Кыргыз Республикасынын жараны Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызмат ордуна талапкер катары каттала алат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15410