Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышарын маалымат катчысы ырастады
RU

Садыр Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышарын маалымат катчысы ырастады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров кийинки мөөнөткө президенттикке ат салышат. Маалыматты президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов тастыктады.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жапаровдун экинчи мөөнөткө пландары тууралуу маалымат берген.

"Ооба, президент Садыр Жапаров экинчи мөөнөткө ат салышат, өлкөбүз үчүн стратегиялык мааниге ээ узак мөөнөттүү эл аралык долбоорлор ишке ашып, пландалып жатканын эске алганда, Садыр Жапаровдун экинчи мөөнөткө шайлоого катышуусу саясаттагы ырааттуу кадам болот", - деди Алагөзов.

Садыр Жапаров президенттик кызматка 2021-жылдын 28-январында киришкен. Жапаровдун биринчи президенттик мөөнөтү алты жыл болот, анткени ал шайланган учурда эски Конституция күчүндө болчу. Эгерде кийинки шайлоодо жеңип чыкса, жаңы Конституция боюнча президенттин экинчи мөөнөтү беш жыл болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15432