Жаңы конституция боюнча Садыр Жапаров 11 жыл президент боло алат
RU

Жаңы конституция боюнча Садыр Жапаров 11 жыл президент боло алат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыскасы, президенттик шайлоодон кийин референдум болбойт. Садыр Жапаров азыркы конституция боюнча алты жыл иштеп, андан кийин жаңы конституция боюнча кайра беш жылга шайланса болот. Абдан ыңгайлуу бекен?

Садыр Жапаров референдумдан кийин дагы президенттик кызматын сактап калат. Жаңы президенттик шайлоо өткөрүлбөйт. Конституциянын долбооруна ылайык, дал ушундай.

Долбоорго өткөөл токтомдун нормасы киргизилген. Ага ылайык, биринчи Конституция кабыл алынгандан кийин Садыр Жапаровдун президенттик укуктары камсыздалат. "Мамлекеттик бийликтин органдары" секциясынын жетекчиси Болот Токтобаев, Kaktus.media'га берген маалыматында, бул норма кайрадан иштелип чыккан документтин версиясында да сакталып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү деп билдирди.

2021-жылы шайланган Кыргыз Республикасынын президенти Конституцияга ылайык өзүнүн ыйгарым укугун алты жыл бою ишке ашырат. Шайланган президенттин мөөнөтү азыркы Конституцияга ылайык, биринчи мөөнөтү катары эсептелинет.

Конституциянын долбоору боюнча президент беш жылга шайланат. Бир эле адам, эки мөөнөттөн ашык президент боло албайт, башкача айтканда эки жолу гана президент боло алат. Садыр Жапаров алты жыл президент болот, андан кийин жаңы Конституция боюнча экинчи мөөнөткө талапкерлигин кое алат, бирок беш жылдык мөөнөткө.

Ошону менен жаңы Конституция Садыр Жапаровго 11 жыл бою президент болуу укугун берет.

Жаңы Конституцияга ылайык, президент аткаруу бийлигин да башкарат, ал эми преьмер-министр кызматы жоюлат.

Эске салсак, Конституциянын долбоору Жогорку Кеңешке келди, бирок депутаттар аны колдоруна алыша элек. Акылбек Жапаровдун айтымында, депутаттар Конституциянын долбоорун коомдук талкууларсыз кабыл алышат. Анткени, коомдук талкуу конституциялык кеңештин алкагында өткөрүлүптүр. Долбоордун өзүн эч жерден көрүүгө болбойт, кыргызстандыктар аны менен референдумдун алдында гана тааныша алышат. Бул кыргыз жарандары Негизги мыйзамдын мазмунуна эч кандай таасир бере алышпайт, дегенди билдирет.

Референдум 11-апрелде, жергиликтүү кеңештин шайлооу менен бирге өткөрүлөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/652