Куудулдар Борончу менен Тынар тамашасы үчүн кечирим сурады
RU

Куудулдар Борончу менен Тынар тамашасы үчүн кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Куудулдар Борончу Кудайбергенов менен Тынар Курбаналиев эл алдына алып чыккан тамашасы үчүн кечирим сурашты. Белгилесек, куудулдар сахнада тамаша ойноп жатып курандын аяттарын пайдаланышкан. Алардын бул тамашасы айрымдардын нааразы пикирин жаратып, "динге тийишпей эле коюшса болмок" дегендер болду.

Талкуудан кийин Тынар Курнабалиев видео кайрылуу жасап, тамашанын сценарийи Борончу Кудайбергеновго таандык экенин айтты.

"Сценарийди Борончу байке жазган. Мен аткаруучу катары кайрылуу жасайм. Урматтуу бир туугандар, жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт дейт. Ката кетирген болсок, жалпы мусулмандардан, баарыңыздардан башты ийип кечирим сурайбыз. Кудайым баарыбызды адашуудан сактасын", - деди ал.

Ал эми Борончу Кудайбергенов 1-2 ай мурда сахнада ойногон тамашасы туура эмес болгонун моюнга алды.

"Ал тамашанын максаты башкача эле. Адашып калган туристке туура жолду айтып коёлу дегенбиз. Куранды шылдыңдоо ниетибиз болгон эмес. Бирок аятты колдонгонубуздун өзү туура эмес болуптур. Пендебиз, адашуучубуз. Билбестик кылып алдык, ошол үчүн жалпы мусулмандардан, күйөрмандарыбыдан кечирим сурайбыз", - деп кайрылды Курбаналиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15442