Куудул Тынар Курбаналиев да депутаттыкка талапкерлигин коет
RU

Куудул Тынар Курбаналиев да депутаттыкка талапкерлигин коет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Куудул Тынар Курбаналиев парламенттик шайлоого катышуу ниети бар. Бул тууралуу ал социалдык баракчасына жазган.

Алгач талапкерлердин дебаттарына катыша тургандыгын билдирген. Кийинчерээк өзүнүн талапкерлигин да бир мандаттуу округ боюнча кое тургандыгын жар салды. Бирок кайсы округдан чыга тургандыгы белгисиз.

"Кыйындар! Силер менен, буйруса шайлоодо дебатта сүйлөшөм, кимиң менен болбосун дебатка эл алдына чыкканга даярмын. Мен жасай турган жумушумду айтам, силер берген убадаңарга жооп бересинер!", - деп куудул жазган.

Мындан мурун атактуу ырчы Бек Борбиев да шайлоого катыша тургандыгын айткан болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3507