Бишкекте сууну керектөөнүн нормасын жогорулатуу сунушталды
RU

Бишкекте сууну керектөөнүн нормасын жогорулатуу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин калкы үчүн сууну керектөөнүн бирдиктүү стандартын киргизүү сунушталууда. Тиешелүү токтомдун долбоору Бишкек шаардык кеңешинин коомдук талкуусуна коюлду.

Сунушка ылайык, турак жайдын бардык түрлөрү үчүн ичүүчү (муздак) суунун бирдиктүү керектөө нормасын киргизүү жана аны бир адамга суткасына 350 литрге чейин жогорулатуу сунушталууда. Учурдагы норма бир кишиге күнүнө 35 литрден 170 литрге чейин муздак сууну түзөт.

Эмне үчүн сунушталууда?

Калкты сууну сарамжалдуу колдонууга, эсептегичтерди орнотууга үндөө. Эсептегич орнотулбаса жаңы норма боюнча жарандар сууга азыркыдан бир топ кымбат төлөп калышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15445