"Туристтик база курмак". Көлбаевдин кылмыштуу тобуна таандык жер тилкеси кайтарылды
RU

"Туристтик база курмак". Көлбаевдин кылмыштуу тобуна таандык жер тилкеси кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобу тарабынан мыйзамсыз түрдө алынган жер тилкеси аныкталып, мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Комитеттен билдиришкендей, УКМК тарабынан Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу тарабынан мыйзамсыз жол менен алынган кирешелерди легализациялоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши улантылууда.

Анын алкагында Каракол лыжа базасынын жанындагы престиждүү аймакта жайгашкан базар баасы болжол менен 10 миллион сомго барабар болгон 2 гектар жер тилкеси аныкталып, "Каракол" мамлекеттик жаратылыш паркынын балансына кайтарылды.

"Аталган жер тилкесирне лыжа туристтик базасын куруу пландаштырылган, бул уюшкан кылмыштуу топко олуттуу суммадагы каражат алып келмек", - деп айтылат маалыматта.

УКМК Көлбаевдин жана анын кылмыштуу тобунун мүлкүн аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча активдүү тергөө иш-чараларын улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15446