Алымкадыр Бейшеналиев бөйрөк алмаштыруу операциясына катышты
RU

Алымкадыр Бейшеналиев бөйрөк алмаштыруу операциясына катышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө 22 жаштагы бейтапка акысыз бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалды. Министрликтен билдиргендей, мындай акысыз операция алгачкы жолу жасалды.

Операция 3 хирург, 1 анестезиолог, эки анестезист медайым жана эки хирургиялык медайымдан турган эки медициналык бригада тарабынан жасалды. Донордук бөйрөктү алуу операциясы 2 саатка созулса, бөйрөктү алмаштыруу операциясы да ошончолук убакытка созулду.

Бейтаптардын операциядан кийинки абалы туруктуу. Алар 2-3 күн реанимация бөлүмүнүн дарыгерлеринин көзөмөлүндө болушат. Андан кийин ден соолугун калыбына келтирүү үчүн трансплантология бөлүмүнө которулат.

Эскерте кетсек, 2024-жылы бөйрөк алмаштыруу боюнча 50 акысыз операция жүргүзүү пландалууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15452