"Айдоочу уктап кеткен". Кытай элчилигинин унаасы катышкан кырсыктын чоо-жайы
RU

"Айдоочу уктап кеткен". Кытай элчилигинин унаасы катышкан кырсыктын чоо-жайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин унаасы катышкан автокырсыктын жагдайлары такталды. Маалыматты ИИМден билдиришти.

Белгилесек, 1-февралда Чыңгыз Айтматов проспектисинде (Россиянын элчилигинин жанында) Кытайдын элчилигине таандык BMW X5 унаасы менен Hyundai Sonata кагылышкан.

Жол кырсыгы боюнча соттук-автотехникалык экспертиза дайындалып, алдын ала кароодо Hyundai Sonata унаасынын техникалык абалында маселе болгон эмес.

"Медициналык күбөлөндүрүү протоколуна ылайык, Hyundai Sonata унаасынын айдоочусу И.Б. жол кырсыгы болгон учурда соо болгон. Бирок ал рулда баратканда уктап калганын моюнга алып, кечирим сурады", - дешти ИИМден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15468