ЖЭБдеги авария. Түркмөнстан Кыргызстанга гумжардам берүүгө даярдыгын билдирди
RU

ЖЭБдеги авария. Түркмөнстан Кыргызстанга гумжардам берүүгө даярдыгын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек ЖЭБдеги аварияга байланыштуу Түркмөнстан Кыргызстанга суюлтулган газды гуманитардык жардам катары берүүгө даяр. Бул туурасында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Түркмөнстандын тышкы иштер министринин ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө белгилүү болду.

Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, тараптар кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын эки тараптуу жана көп тараптуу платформалардагы актуалдуу маселелерин талкуулашты. Анда аясий диалогду колдоонун, соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду жана өз ара кызыкчылык болгон иш-чараларды ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Сүйлөшүүдө Түркмөнстандын тышкы иштер министрлигинин башчысы түркмөн президенти Сердар Бердымухамедовдун тапшырмасына ылайык, Бишкек ЖЭБдеги аварияга байланыштуу түркмөн тарап Кыргыз Республикасына суюлтулган газды гуманитардык жардам катары берүүгө даяр экенин билдирди.

Маектештер кыргыз-түркмөн мамилелерин стратегиялык өнөктөштүк жана өз ара пайдалуу кызматташуу духунда кеңейтүү жана тереңдетүү максатында мындан аркы өз ара аракеттенүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

*****

Энергетика министрлиги Бишкек ЖЭБдеги авария 2-февралда саат 03:00 чамасында катталганын расмий маалымдады. Кырсыктан улам чыккан өрт саат 04:55те чектөөгө алынып, саат 05:05те толук өчүрүлдү.

Кырсыктан 5 адам жабыркап, экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлсө, экөө оор абалда реанимацияда жатканы белгилүү болду. Дагы бир бейтаптын абалы орто оор деп бааланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15469