Садыр Жапаров ЖЭБди толугу менен жаңылоону тапшырды
RU

Садыр Жапаров ЖЭБди толугу менен жаңылоону тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБин толугу менен модернизациялоону тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчы "Кабар" маалымат агенттигине билдирди.

Президенттин айтымында, Бишкектеги ЖЭБ 1961-жылы ишке берилген. "Менден да улуу экен. Анан эми темир болсо да өзүнүн мөөнөтү бүтчү убактысы бар да. Баары эскилиги жеткен. Жылда жайдын күнү ремонт иштерин жасап, кышка даярдык көрүп, иштетип келе жатабыз", - деди өлкө башчы.

Ошондой эле авария ЖЭБдин эски бөлүгүндө болгонун, көйгөйдүн баары ошол жакта экенн кошумчалады.

"Авария эски бөлүгүндө болду. Кептин баары ушул жерде жатат. 386 миллион долларга чала-була бирдеме кылбастан, эски ЖЭБди ийне-жибине чейин оңдоп койсо болмок. Же кошуна өлкөдөгүдөй 300 миллион долларга жаңы ЖЭБ куруп коюш керек эле.

Ал эми жаңы блоктор курулбаганда абал мындан оор болмок дегендер – бет тырмарлык кылгандар. "Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп", мыйыгынан күлүп олтургандар. Азыр эми ЖЭБди толугу менен модернизациялоого тапшырма бердим. Албетте, чоң сумманы талап кылат. Айла жок, каражат булактарын издеп табабыз да эми", - деди президент.

*****

Энергетика министрлиги Бишкек ЖЭБдеги авария 2-февралда саат 03:00 чамасында катталганын расмий маалымдады. Кырсыктан улам чыккан өрт саат 04:55те чектөөгө алынып, саат 05:05те толук өчүрүлдү.

Кырсыктан 5 адам жабыркап, экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлсө, экөө оор абалда реанимацияда жатканы белгилүү болду. Дагы бир бейтаптын абалы орто оор деп бааланууда.

Бишкек ЖЭБдеги жарылуу (8 статей)
Бишкек ЖЭБде көмүр чаңы күйүп, бир адам жабыркады
11 Апрель 2024, 17:38
Бишкек ЖЭБдеги жарылуунун себептери айтылды
11 Апрель 2024, 14:59
ЖЭБдеги авариянын кесепетин жоюуга Синьцзян өкмөтү 100 миң доллар берет
12 Февраль 2024, 16:36
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15466