Алматыда кармалган кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаев соттолду
RU

Алматыда кармалган кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаев соттолду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алматыда кармалган кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевге сот өкүмү чыкты. Ал 4 жылга эркинен ажыратылып, жазасын орто коопсуздук мекемесинде өтөйт. Бул тууралуу казак басылмалары Алматы облустук сотунун маалымат кызматына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Эрмек Маркабаев Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 296-беренесинин 4-бөлүгү ("Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун сатуу максатын көздөбөстөн, өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо, ташуу") менен айыпталган.

Сотто прокурор айыпталуучуну 5 жылга эркинен ажыратууну сурады. Ал эми Маркабаевдин күнөөсү жок экенин айтып, көрсөтмө берүүдөн баш тартты.

"Жаза белгилөөдө сот Маркабаевдин жашы жете элек баласы бар экендигин кылмыш жоопкерчилигин жана жазаны жеңилдетүүчү жагдай катары тааныган. Соттун өкүмү менен Эрмек Маркабаев күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилесек, 2023-жылы 2-июнда Алматы шаарындагы "Алтын Ордо" базарынын аткаруучу директору Эрмек Маркабаев Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Жактоочусу Эрмек Маркабаевди Казакстандын мыйзамдарын бузуу менен кармашканын айткан. Ишкердин жакындары Бишкекте акцияга чыгып, анын бошотулушун суранышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15477