Гемодиализ алган бейтаптардын бөйрөгү акысыз алмаштырылат. Президент шарттарын түшүндүрдү
RU

Гемодиализ алган бейтаптардын бөйрөгү акысыз алмаштырылат. Президент шарттарын түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 2,5 миңден ашуун кыргызстандык гемодиализ алат. Президенттин тапшырмасы менен гемодиализдеги жарандардын бардыгынын бөйрөгүн акысыз алмаштыруу пландалып жатканын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев айткан.

Акысыз операциянын шарттары, каражат маселеси тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине түшүндүрүп берди.

"Өлкөдө өзүбүз бөйрөккө операция жасоону баштадык. Азыркы учурда жалпысынан 2500дөн ашуун гемодиализ алып жаткан жарандарыбыз бар. Мага берген маалыматка ылайык, учурда алардын арасынан 50 бейтап донор таап, толук медициналык изилдөөдөн өтүп, бөйрөк алмаштырууга даярдык иштери башталды.

Биринчи бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктады. Эки медицианалык бригада күн сайын иштеп, күнүнө 2-3төн бейтаптын бөйрөгүнө операция жасаса болот экен. Кудай буюрса эми мындан ары бөйрөк алмаштыруу улантылат.

Бардык гемодиализде жаткан жарандарыбыздын бөйрөк алмаштыруусуна кеткен чыгымды (7-8 миң доллар) өкмөт төлөп берет", - дейт.

Президенттин айтымында, бүгүнкү күндө гемодиализ алып жаткан жарандардын ар бирине мамлекет бир жылда 14-15 миң доллар сарптоодо. Жалпы суммасын эсептегенде 2500 кишиге 3 миллиард сомго жакын каражат кетет.

"Биз акысыз операция жасоо менен эки пайда алып келебиз. Донор тапкан бейтаптарга 7-8 миң долларды мамлекет берип, четинен бөйрөгүн алмаштырып, сакайтып чыгара берсек, аларга кеткен чыгымдар дароо токтойт. Бир жылда гемодиализде жаткан бир бейтапка кеткен чыгымдын жарымын жумшап, бир бейтаптын бөйрөгүн алмаштырып берсек, бир жылда жумшалчу чыгымдын жарымын жана келерки жылдардын чыгымдарын толук сактап калабыз. Гемодиализден чыкса өкмөттөн кетип жаткан чыгым дароо токтойт да.

Биринчи пайдабыз - жарандарыбызга жардам берип, бөйрөктөрүн алмаштырып берип жатабыз. Экинчи пайдасы мамлекеттин акчасын үнөмдөп калабыз. 10-15 жылдап гемодиализде жаткандар бар. Элестетиңиздер, канча каражат үнөмдөлүп калат. Гемодиализде жаткандар азаят.

Ушул сыяктуу эле операциянын акысы башка чет мамлекеттерде 25 миң доллардан 50 миң долларга чейин турат. Муну мен өзүмдүн башымдан өткөргөн үчүн жакшы билем. Эсиңиздерде болсо, 2014-2015-жылдары иним Дөөлөттү чет мамлекеттердин бирине алып барып, бөйрөгүнө операция жасатып келгенимди айттым эле. Ошол кезде эле операцияга 45 миң доллар бергенбиз. Жол кире, операциядан кийинки реабилитациялоо процедуралары болуп, баш-аягы 70 миң доллар кеткен.

Гемодиализде жаткан жарандарыбыздын баарында эле мындай мүмкүнчүлүк жок да. Ошол үчүн мамлекет жардам берип жатабыз", - деди өлкө башчы.

Садыр Жапаров белгилегендей, акысыз операциянын шарттары бар. Ага ылайык, бейтап донорду өзү табат. Донор табылган соң бейтап дагы, донор дагы кадимкидей эле тийиштүү анализдерди тапшырып, толук медициналык изилдөөдөн өтүп, операцияга даярданышат. Андан кийинки процедуралар боюнча суроолор болсо Саламаттыкты сактоо министрлигинен тактоого болорун кошумчалады Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15485