Караколдогу армияда жоокерлерди кыйноо болот деген маалыматты Чек ара кызматы четке какты
RU

Караколдогу армияда жоокерлерди кыйноо болот деген маалыматты Чек ара кызматы четке какты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда аскер кызматкери Жылдыз Асанакунова президентке видеокайрылуу жасаган. Анда УКМКнын Чек ара кызматынын Каракол шаарындагы аскер бөлүгүндө мыйзамсыздык болуп жатканын айтат.

Асанакунова президентке айла жоктон кайрылып жатканын белгилеген. Айтымында, аскер бөлүктө жоокерлер системалуу түрдө сабалып, буту-колу сынган учурлар бар экенин, жигиттердин ата-энелери эч нерсе билбейт. Ал эми командирлер баарын жашырып коюшат. Ошондой эле бузулган азык-түлүктөр жеткирилет деген.

Асанакунова өз кайрылуусунда буга чейин Чек ара кызматынын башчысына кайрылганын, бирок иликтөөнүн жыйынтыгында эч нерсе табылган эмес деп чыкканын да кошумчалаган.

Жогорудагы кайрылуудан кийин Чек ара кызматы расмий билдирүү жасады. Анда мурда берилген маалыматтын негизинде иликтөө иштери жүргүзүлгөн дешет.

"№2028 аскер бөлүгүнүн санитардык нускоочусу кенже сержант Ж. Асанакунованын видеокайрылуусунда айтылган маалыматы боюнча буга чейин да Чек ара кызматынын жетекчилиги, ошондой эле көзөмөлдөө жана компетенттүү органдар тарабынан иликтөөлөр жүргүзүлгөн.

Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө Ж. Асанакунова "прапорщик" аскердик наамы ыйгарылышы менен дарыкана башчысы кызмат ордуна дайындалууга кызыкдар болгондугу аныкталган.

Бирок жагдайды эске алуу менен (дарыкана башчысы кызмат ордундагы аскер кызматчы ден соолугуна таасир тийгизиши мүмкүн болгон бийик тоолуу аймактарда жайгашкан аскер түзүмдөргө ар дайым чыгып туруусу шарт, ал эми Ж. Асанакунова өзү жалгыз жашы жете элек үч баланы тарбиялайт) Ж. Асанакунованы бул кызматка дайындоо мүмкүн эместиги анын өзүнө жеткирилген.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында №2028 аскер бөлүгүнө "өлүк малдын" эти жана башка сапатсыз азык-түлүктөр алынып келет деген маалымат тастыкталган эмес.

Тез бузулуучу азык-түлүктөрдү сатып алуу (эт, май, колбаса, сыр, жумуртка) жергиликтүү камсыздоочулар арасынан тандоо менен жүрөт. Сатып алынган азык-түлүк сапаты жана жарактуу мөөнөтүү комиссия тарабынан текшерилет.

Иликтөөлөрдүн учурунда кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары менен маектешүүлөр жүрүп, кароого алынып жана анонимдүү сурамжылоолор жүргүзүлүп, жыйынтыгында жоокерлердин жаракат алганы боюнча фактылар аныкталган эмес.

Объективдүү иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн 2024-жылдын 3-февралында кенже сержант Ж. Асанакунова Чек ара кызматынын жетекчилиги менен маектешүүгө чакырылган", - дешти мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15498