Төкмө акын Болот Назаров "Манас" театрына жумушка кирди
RU

Төкмө акын Болот Назаров "Манас" театрына жумушка кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Төкмө акын Болот Назаров "Манас" улуттук театрына жумушка кирди. Бул тууралуу аталган театрдын жетекчиси Азиз Биймырза уулу Kaktus.kg сайтына ырастады.

Белгилүү болгондой, төкмө бүгүн, 7-февралдан баштап театрдын кызматкери болду. Тиешелүү арызга театрдын директору Азиз Биймырза уулу кол коюп, төкмө акынга алдыдагы иштерде ийгиликтерди каалады.

"Жумушка кирди. Эми айылга барып документтерин алып, бул жакка көчүп келейин деп жатат. Жанында театрыбыздын өнөрпоздору бар", - Азиз Биймырза уулу.

Ошондой эле театрдын жаңы имаратына да барып, учурда аяктап калган курулуш иштерин көрүп келди.

Эми алдыдагы айтыш-концерттерде Болот Назаровду театрдын өнөрпоздорунун катарынан көрө аласыздар.

*****

Белгилей кетсек, 2022-жылы 9-ноябрда Болот Назаров талаадан жылкыны минип качып кеткенге шектелип кармалган. Жабырлануучу делинген тараптын тосмо арыз жазуусуна атайын кызматтын өкүлдөрү тоскоолдук кылышып, Москва райондук соту төкмөнү 1 айга СИЗОго камакка алуу чечимин тандаган.

Журналист Олжобай Шакир Болот Назаровду өнөр адамдарынын бири тойго алып барганын, ал жактан ат мингизиптир деп сөз болгонун айтып чыккан. Ал арада ырчы Кубаныч Ажыбаев Болот Назаров менен бир тойдо кызмат кылганын, бирок ал жакка төкмө акынды алып барбаганын билдирген.

2023-жылы 24-январда Москва райондук соту Болот Назаровдун иши кыскарганын айтып, сот залынан бошоткон. Төкмө ошондон бери иш-чараларга катышпай, коомдун назарына түшпөй келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15499