Армияда жоокерлерге кыйноо көрсөтүлөт дегенден кийин дагы бир жолу текшерүү болду
RU

Армияда жоокерлерге кыйноо көрсөтүлөт дегенден кийин дагы бир жолу текшерүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүндө текшерүү жүрүп, кенже сержант Жылдыз Асанакунованын буга чейин айтып чыккан маалыматы тастыкталган жок. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Белгилесек, социалдык тармактарга аскер кызматкери Жылдыз Асанакунованын президентке жолдогон видеосу тараган. Ал УКМКнын Чек ара кызматынын Каракол шаарындагы аскер бөлүгүндө мыйзамсыздык болуп жатканын айтат.

Коопсуздук комитеттен Жылдыз Асанакуновадан УКМКга кат жүзүндө маалымат түшкөнүн айтышат. Анын кайрылуусунун негизинде УКМКнын тиешелүү органдары Аскер прокуратурасы менен биргеликте тыкыр текшерүү жүргүзүпн, жыйынтыгында Ж.Асанакунованын маалыматы тастыкталган эмес.

6-февралда жарыялаган видеокайрылуудан кийин Республикалык Жоокерлердин энелери комитетинин башчысы У.Байгубатованын жетектөөсүндө Аскердик прокуратуранын жана УКМКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда кошумча комплекстүү текшерүү жүргүзүлдү.

Документалдуу материалдар изилденип, кызыкдар тараптар менен маектешүү жүргүзүлүп, тиешелүү жайлар текшерилип, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсү, тамак-ашы, жашоо шарттары, эс алуу шарттары ошондой эле тамак-ашты сактоо, тамак-аш даярдоо жайлары, тиешелүү санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоолору текшерилди.

"Жеринде жүргүзүлгөн комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы менен аскер кызматкери Ж.Асанакунованын маалыматы тастыкталган жок", -дешти комитеттен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15501