Экс-муфтий Замир Ракиев Аалымдар Кеңешине төрага болду
RU

Экс-муфтий Замир Ракиев Аалымдар Кеңешине төрага болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы болуп Замир Ракиев шайланды. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.

Белгилесек, Ракиев Замир январь айынын аягында Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызматынан өз каалоосу менен кеткен. Ал муфтий катары 3 жылдай иштеген.

Өмүр баяны

  • Шейшенбекович 1978-жылдын 15-февралында Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Шамшы айылында төрөлгөн.
  • Жогорку билимдүү. Бишкек борбордук мечитинин Куран жаттоо медресесин аяктаган.
  • Египеттеги Аль Азхар Ислам университетинен билим алууну улантып, "Университетке даярдоо курсу" жана "Дин негиздери" багыты боюнча билимин жогорулаткан. Бишкек гуманитардык университетинен "Чыгыш таануу" магистрдик адистигине ээ болгон.

Эмгек жолу

  • 2007-2008-жылдары - Чүй облусунун Аламүдүн району, "Абу Бакр Сыддык" медресесинин мугалими;
  • 2008-2010-жылдары - Чүй облусунун Аламүдүн району, "Абу Бакр Сыддык"медресесинин директору;
  • 2010-2011-жылдары - Нарын облусунун казысы;
  • 2011-2016-жылдары - Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары;
  • 2016-2017-жылдары - Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы;
  • 2017-жылдын май айынан тарта муфтийдин орун басары болуп эмгектенип келген.
  • 2020-жылдын 10-августунан тарта Бишкек шаарынын казысы болуп эмгектенип келген.
  • 2021–жылы июнь айында өлкөнүн муфтийи болгон.

Үй-бүлөлүү, бир уул, эки кыздын атасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15521