Алматыда кыргызстандыктардын контейнерлерин тартып алуу маселеси ТИМдин көзөмөлүндө
RU

Алматыда кыргызстандыктардын контейнерлерин тартып алуу маселеси ТИМдин көзөмөлүндө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында Алматы шаарындагы "Алтын Ордо" базарында соода менен алектенген кыргызстандык ишкерлердин контейнерлерин күч органдары рейдерлик менен алып жатыптыр деп билдирген. Эл өкүлү мекендештер кат жолдогонун айтып, ыкчам раекция кылуу керектигин айткан.

"Алматада кыргыз ишкери Эрмек Маркабаев жалган жалаа менен кармалганы аз келгенсип, эми ошол базардагы соода кылган мекендештерибизге да чоң көйгөй жаратып жатышат. Муну казак бийлигине, күч органдарына тез арада биздин тиешелүү мекемелер жеткирип, маселени оң жагына чечиши керек", - деген Акаев.

Депутаттын билдирүүсүнөн кийин Тышкы иштер министрлиги ишкерлердин жамааттык арызын боюнча Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан тийиштүү чара көрүлүп жатканын маалымдады.

"Башкы консулдук Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин Алматы шаарындагы өкүлчүлүгүнө жана Алматы облусунун Карасай райондук полиция бөлүмүнө тиешелүү кайрылуу (нота) жөнөттү. Жакынкы күндөрү "Алтын Ордо" соода комплексинин жетекчилиги менен жолугушуу пландаштырылууда.

Учурда казак тарап бул жагдайды жөнгө салуу боюнча Башкы консулдуктун кайрылуусун карап жатат.

Арыз ээлерине ар тараптуу консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп, Казакстандын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында жаралган маселени чечүү үчүн жактоочу алуу боюнча сунуштар берилди", - дешти министрликтен.

Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемесинин көзөмөлүндө турганы белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15543