"Шайтандын майрамы". Депутат Сүйүшкөндөр күнүн жокко чыгарууну сунуштады
RU

"Шайтандын майрамы". Депутат Сүйүшкөндөр күнүн жокко чыгарууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Мейкинбек Абдалиев улуттук наркка, салтка туура келбеген майрамдарды белгилебөөгө чакырды. Бул туурасында эл өкүлү Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Ал Кыргызстандын тарыхында Сүйүшкөндөр күнү болбогонун белгилейт.

"Кечээ, 14-февралда Кыргызстандын тарыхыбызда болбогон, салтыбызга туура келбеген Сүйүшкөндөр күнү деген майрам болуп өттү. Капа болбоңуздар, мен катуу эле айтайын, бул Иблистин (шайтан) майрамы. Канча жаштар арам, жаман ишке барышты. Канча жигиттердин чөнтөгүнө зыян болду. Сүйүшмөк тургай кечээ күнү "эмнеге куттуктаган жоксуң?" деп канчасы урушту", - дейт депутат.

Мейкинбек Абдалиев 2001-жылдын 14-февралында үйлөнгөнүн кошумчалады.

"Ал учурда Валентин күнүнүн В тамгасы да жок болчу. Ошондуктан биз өкмөт менен биргеликте кыргыздын салтына, наркына туура келбеген ушундай чоочун, коомго жаңы кирип, жаман жакка алып барган иш-чараларды жокко чыгарышыбыз керек", - деп кайрылды депутат президенттин, министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлүнө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15547