"Ихсан" кооперативинин жетекчиси 12 жылга соттолду. Видео
RU

"Ихсан" кооперативинин жетекчиси 12 жылга соттолду. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 16-февралда "Ихсан" кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева менен директорлор кеңешинин төрагасы Эрмат Абылкасымовдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум болду.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери жана жүздөгөн эпизоддор боюнча айыпталууда.

Биринчи Май райондук сотунун төрагалык кылуучу судьясы Абдималик Акматов Акинай Бекмурзаеваны 12 жылга эркинен ажыратып, келтирилген зыянды жабырлануучулардын пайдасына өндүрүү чечимин чыгарды.

Ал эми Эрмат Абылкасымовду сот 11 жылга кесип, сот залынан камакка алууну өкүм кылды (ал мурда үй камагында болгон).

Эске салсак, 2022-жылы "Ихсан Групп ЛТД" коммерциялык эмес турак жай курулуш кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына "Алдамчылык" жана "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Компаниянын жетекчиси Акинай Бекмурзаева 2022-жылдын июль айында кармалып, 2022-жылдын сентябрына чейин СИЗОго камалган. Ага ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу боюнча айып тагылган. Мындан тышкары башка дагы кылмыш иштери бир өндүрүшкө бириктирилген.

Жарандарга келтирилген жалпы материалдык чыгым 1 миллиард сомго жакын.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15563