Сержанттын кайрылуусунан кийин Караколдогу армиянын 3 кызматкери кармалды
RU

Сержанттын кайрылуусунан кийин Караколдогу армиянын 3 кызматкери кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөнүн Аскер прокуратурасы тарабынан Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүндө текшерүү жүргүзүлдү.

Белгилесек, буга чейин кенже сержант Жылдыз Асанакунова аскердик бөлүктө мыйзамсыз иштер болуп жатканын айтып, президентке, УКМК төрагасына кайрылган.

Текшерүүдө Асанакунованын кайрылуусундагы 5 доомат боюнча мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

Аталган фактылар боюнча аскер бөлүктүн жооптуу кызмат адамдарына карата:

  • 337-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу);
  • 346-берене (кызматтык жасалмачылык);
  • 210-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, коротуу);
  • 131-берене (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүү катары аскер бөлүктүн командири А.Б., анын орун басары Б.К., прапорщик К.К. уулу жана жеке ишкер Т.Е. камакка алынды.

Учурда тергөө иштери улантылып, кылмышка тиешеси бар башка адамдар такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15573