Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорунан кылмыш жоопкерчилиги алынды
RU

Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорунан кылмыш жоопкерчилиги алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун карап жатат.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Надира Нарматова документке киргизилген өзгөртүүлөрдөн кылмыш жоопкерчилиги алып салынганын билдирди.

"Жалпы жарандык оомдун, эл аралык эскперттик топтордун, коомчулуктун сунуштарын эске алып документтен кылмыш жоопкерчилигин толугу менен алып салдык. Түзөтүүлөр сиздердин назарыңыздарга берилип жатат. Добуш берип койсоңуздар", - деди ал.

Депутат Гуля Кожокулова кылмыш жоопкерчилигин алып салууну жактырарын, бирок жаңы өзгөртүүлөр менен таанышууга убакыт керектигин айтты. Комитеттин башчысы Чолпон Султанбекова бул маанилүү түзөтүү экенин, ага добуш берүү гана керек деди.

Жыйынтыгында депутаттар демилгени колдоп, мыйзам долбоорунан кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө норманы алып салууга добуш беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15575