Мурдагы министр Динара Кутманова менен анын уулунун иши сотко өттү
RU

Мурдагы министр Динара Кутманова менен анын уулунун иши сотко өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Коррупция" беренеси боюнча айыпталып жаткан мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова жана анын уулу Кемелбек Кутмановдун иши тергелип бүттү. Биринчи Май райондук сотунан билдиришкендей, иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн.

14-февралда алдын ала соттук отурумдун жыйынтыгы менен кийинки отурум 26-февралга саат 14:00гө белгиленген.

"Бирок апелляциялык арыз түшкөндүктөн, кылмыш иши жакын арада апелляциялык инстанцияга жөнөтүлөт", - дешти соттон.

Белгилесек, "Коррупция" беренеси менен козголгон кылмышты тергөөнүн жүрүшүндө экс-министр Динара Кутманова, кийин анын уулу К.Кутманов кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15603