Нурзат Токтосунова тойду "өзгөчө" алып барганы үчүн сынга кабылды
RU

Нурзат Токтосунова тойду "өзгөчө" алып барганы үчүн сынга кабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова тойду "өзгөчө" алып барганы үчүн сынга кабылды. Ал музыка менен коштолбогон, антрактсыз, бийсиз той алып барганын айтып, видео менен бөлүшкөн.

Анда келинди коноктордун алдына алып чыккан кыздар салават айтышкан. Салтка ылайык, баш кошкон түгөйлөрдү жар-жар ыры менен киргизишет.

Ошондой эле Нурзат Токтосунова салават тобун ачканын, топтогу кыздар мындан ары ислам иш-чараларында салават айтышарын белгилеген. Бул социалдык тармакта талкуу жаратып, колдогондор жана сынга алгандар болуп эки жээкке бөлүндү.

Алып баруучу айтылган сын-пикирлерге жооп берип, кыргыздар жаман нерсени көргүсү келип турат дейт.

"Өмүрүмдө 4 миң кыргыздын тоюн алып барсам, анын 3 миңин Манас айттырып ачкам. Миң көйнөк кийсем 700үн кыргызча тиктирчүмүн. 5 миң иш-чаранын 4500үн кыргызча, калганын башка тилде алып баргам. Дүйнөнү улуттук кийимде кыдырып, маданиятты, тилди мендей тааныткандар көп эмес.

Жолук салынганыма 4 жыл болду. Азыр да ар бир сабагымда улуттук баалуулуктарды айтып, тарыхчы, манасчы агайларды сүйлөшүп, аларды суранып сабак бердиртип жатканымды кайдан билсин.

Негизи эле кыргыздар жаманды гана көргүбүз келип турат. Жакшыны айта албайбыз. Бизди өстүрбөй жаткан ушул сапатыбыз болсо керек. Кыргызстанда ар бир жарандын дин тутуу укугу бар.

Мени өңгөчүңөрдү үзө тартып жамандагандын ордуна жапа тырмак улутту көтөрүүгө салым кошкула", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15626