Активист Мелис Аспеков 7 жылга эркинен ажыратылды
RU

Активист Мелис Аспеков 7 жылга эркинен ажыратылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Массалык баш аламандыкка даярдык көрүүгө айыпталган активист Мелис Аспеков 7 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан редакцияга билдиришти.

28-февралда райондук соттун чечими менен Мелис Аспеков "Кылмышка даярдык көрүү" жана "Массалык баш аламандыктар" беренелери менен күнөөлүү деп табылып, жаза катары 7 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу дайындалып, жазасын катуу тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген.

Сотто Мелис Аспеков өзүнө коюлган айыптардын баарын четке какты. Аспековдун уулу райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрыла тургандарын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15668