Бонецкий лабораториясы менен министрлик анализдердин баасын төмөндөтүү боюнча макулдашты
RU

Бонецкий лабораториясы менен министрлик анализдердин баасын төмөндөтүү боюнча макулдашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бонецкий лабораториясынын жетекчиси менен жолугушуп, анда мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемелеринен изилдөөгө жөнөтүлгөн бейтаптар үчүн анализдердин баасын төмөндөтүү планын ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Министрликтин маалыматы боюнча, атайын жолдомо менен барган бейтаптар үчүн лабораториялык изилдөөлөрдүн баасы 50% төмөндөтүлөт, ал бланктар мамлекеттик саламаттыкты сактоо уюмдарына лаборатория тарабынан берилет.

Тараптар мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемелеринин бейтаптары үчүн сапаттуу лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана бааларды олуттуу төмөндөтүүгө багытталган кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюуну макулдашты.

Маалымат үчүн: Бонецкий лабораториясы лабораториялык изилдөөлөрдүн кеңири спектрин жүргүзөт: биохимиялык, жалпы клиникалык, гематологиялык, онкомаркерлери, ИФИ, ПЧР, иммунологиялык, инфекциялык оорулар, цитологиялык, коагулологиялык, микробиологиялык, гормоналдык жана генетикалык изилдөөлөр.

Лаборатория заманбап жабдуулар менен жабдылган (Abbott, США; High Technology, США; Sysmex Corporation, Япония; ДНК Технология; SNIBE; ж.б.) жана Кыргызстандагы жеке медициналык лабораториялардын ичинен ISO 15189 эл аралык стандартынын талаптарына шайкештигин аккредитациялоонун эксперттик баалоосунан өткөн жалгыз лаборатория болуп саналат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15672