Мелис Аспековго боштондук талап кылган жигиттерге Спорт департаменти жооп берди
RU

Мелис Аспековго боштондук талап кылган жигиттерге Спорт департаменти жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакка Мелис Аспековго боштондук талап кылган жигиттердин видео кайрылуусу тарады. Алар өздөрүн спортчу дешип, Аспеков спорттун эрежесиз уруш боюнча түрүнө салым кошуп келгенин жана алдыда чоң пландары болгонун айтышкан.

"Сотторго биздин ишеничибиз жок. Ошондуктан биз Мелис Аспековду үй камагына чыгарууңуздарды талап кылабыз. Аспековго боштондук", - дешкен кайрылуу жасагандар.

Белгилесек, жогрудагы видео эски, 2 жыл мурда жарыяланган.

Бул билдирүүдөн кийин Дене тарбия жана спорт департаментинен расмий маалымат беришип, кайрылуу жасагандардын спортко эч кандай тиешеси жок экенин айтышты.

"Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунун жанында өздөрүн спортчу деп атаган бир нече адам Мелис Аспековго боштондук талап кылган кайрылуу жасашты. Чогулган адамдардын спортко эч кандай тиешеси жок. Видеодо айтылган "Шумкар Pride" аттуу федерация департаменттин реестринин каттоосунда жок.

Буга чейин Мелис Аспеков спортчуларга эч кандай демөөрчүлүк кылган эмес.

Азыркы күндө ата мекендик спортчулар эч кандай башаламандыкка, ар кандай митингдерге катышкан дагы эмес, тиешеси дагы жок", - дешти департаменттен.

Эске салсак, 28-февралда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Мелис Аспеков "Кылмышка даярдык көрүү" жана "Массалык баш аламандыктар" беренелери менен күнөөлүү деп табылып, 7 жылга соттолгон. Активисттин уулу райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрыла тургандарын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15700