АКШда жол кырсыктан каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгү өлкөгө жеткирилди
RU

АКШда жол кырсыктан каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгү өлкөгө жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнын Филадельфия шаарында автокырсыктан каза тапкан кыргызстандык эки жигиттин сөөгү өлкөгө жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, "Жүк-200" Кыргызстанга 8-мартта эртең менен "Манас" эл аралык аэропортуна жеткирилген.

Белгилесек, 3-мартта АКШнын Филадельфия шаарындагы ылдам жол шоссесиндеги кырсыктын кесепетинен Кыргыз Республикасынын эки жараны каза болгон. Алар 2002-жылы туулган Б.А. жана 2003-жылы туулган Е.Т. экени такталган.

Кийинчерээк кыргызстандык балдардын досумун деген жигит окуянын жагдайларын айткан. Анда жигиттердин унаасы бузулуп, сыртка чыкканда мас абалдагы айдоочу сүзүп кетти деген.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15701