Каныбек Сагынбаев бюджетке зыян келтирген деп кармалып, үй камагына чыкты
RU

Каныбек Сагынбаев бюджетке зыян келтирген деп кармалып, үй камагына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте спорт мектептин директору кармалды. ИИМден билдиришкендей, директор ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротууга шектелүүдө.

Маалым болгондой, Бишкек шаардык мэриянын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директорунан ички иштер органдарына кайрылуу түшкөн. Анда спорттук мектептердин биринде мүлктү кабыл алуу жана өткөрүп берүү учурунда спорттук инвентарлардын көлөмү инвентаризациялык отчётко туура келбеген фактылар аныкталып, мамлекеттик бюджетке бир миллион сомдон ашык зыян келтирилгеи айтылган.

Аталган факты боюнча 210-берененин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө спорт мектептин директору (1985-жылы туулган С.К.) кызматка дайындалып жатканда Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Башкаруу жана бизнес институтунун дипломун көрсөткөн. Бирок алынган расмий маалыматтарга ылайык, көрсөтүлгөн диплом С.Кнын наамына берилген эмес жана архивдик документтердин жана окуу жайдын өздүк курамы боюнча буйруктардын арасында көрсөтүлгөн эмес.

Бул боюнча 379-берененин 2-бөлүгүндө (Документтерди жасалмалоо) каралган кылмыш белгилери боюнча өзүнчө кылмыш иши козголгон.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан С.К. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту тарабынан шектүү С.К. үй камагына чыгарылды. Белгилүү болгондой, кармалган адам бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, өлкөнүн эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Сагынбаев. Ал 2021-2022-жылдары бильярд жана велоспорт боюнча Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби директору болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15706