"Акылбек Жапаров алдап коюптур". Депутат Атазов кечирим сурады
RU

"Акылбек Жапаров алдап коюптур". Депутат Атазов кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Шайлообек Атазов министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду калп айтты деп айыптады. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 13-марттагы жыйынында айтты.

Депутат ар дайым бийликтин сунуштарын колдоп келгенин билдирди.

"Мен дайыма мамлекеттин бардык саясатын колдоп келдим. Конституцияны, Кумтөрдү, желекти, Кемпир-Абадды колдодум, бүт баарын колдоп бердим. Эмне үчүн? Анткени дайыма айтасыңар президентти колдо, Ташиевди колдо деп. Мына колдодум, силер айтканды кылдым. Жыйынтыгын ушундай болуп жатат. Орозо айында мен силерден кечирим сурап коёюн. Апам, бир туугандарым "эй бала, казинону колдобо" дегенине карабай, мамлекеттин экномикасы, президенттин саясаты деп колдодум эле. Казинону колдогонум үчүн кечирип койгула кыргыз элим! Мен туура эмес кылып койгон экем.

Акылбек Жапаров ушул жерге келип "колдоп бергиле, жылына 2 млрд акча түшөт" деп айтты. Кечээ карасам 100 млн да түшпөптүр. Акылбек Жапаров 2 млрд деп баарыбызды алдаптыр.

Мен казинону колдогонум үчүн өкүнүп жатам. Ошол үчүн Орозодо кечирим сурайм", - деди депутат.

Эскерте кетсек, Министрлер кабинети бир жылда оюн-зоок жайларынын ишмердүүлүгүнөн 1-2 миллиард сом киреше алууну пландаган. Мындай маалыматты Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15717