Бишкекке салына турган жаңы стадиондун эскизи даярдалды. Курулушту Ташиев көзөмөлдөйт
RU

Бишкекке салына турган жаңы стадиондун эскизи даярдалды. Курулушту Ташиев көзөмөлдөйт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев Бишкек шаарына курула турган 45 миң орундуу стадиондун долбоорун көрсөттү.

Белгилесек, буга чейин борбор калаада 50 млн долларга футболдук стадион куруларын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирген.

Каныбек Туманбаев стадиондун курулушу жакында башталарын айтты.

"Президент Садыр Жапаров 45 миң орундуу стадиондун курулуш ишин тапшырган. Анын долбоорлоо (проектиси) жумушу белгилүү чет элдик компаниялар менен биргеликте жасалды. Архитектуралык дизайны улуттук наркыбызга ылайыкталып, боз үйдүн элесин берет. Стадиондо заман талабына ылайык дүкөндөр, эс алуучу жана унаа токтотуу жайлары сыяктуу бардык шарттары каралды.

Буюрса, алдыңкы күндөрү курулуш ишин баштайбыз. Долбоорду УКМК төрагасы, Футбол федерациясынын президенти Камчыбек Кыдыршаевич өз көзөмөлүнө алды.

Муну менен өлкө башчыбыз элибизди сергек жашоого шыктандырып, таланттуу спортчуларга шарттарды түзүп жатат. Буюрса бул стадиондон Кыргызстандын желегин көтөрүп, намысын талашкан далай азамат уул-кыздарыбыз чыгат деген ишеним чоң!", - дейт Туманбаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15734