24.kg маалымат агенттигинин кожоюндары алмашты
RU

24.kg маалымат агенттигинин кожоюндары алмашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

24.kg маалымат агенттиги ээлери алмашты. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен алынган көчүрмөдөн белгилүү болду.

Мурда маалымат агенттик Асел Оторбаевага катталса, азыркы ээси Гүлжан Шерипбаева деп жазылган. Кайра каттоо 2024-жылдын 15-мартында болгон.

Башкы редактор Махинур Ниязованын мындан ары агенттикте иштебей турганын маалыдады.

Эскерте кетсек, 15-январда "24.kg" маалымат агенттигинин кеңсесинде тинтүү иштери жүргөн. Аталган факты боюнча 497-берене "Согушту пропагандалоо" боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалымат агенттигинин жетекчиси Асел Оторбаева, башкы редактору Антон Лаймар жана Махинур Ниязова суракка чакырылган. Алардын ар бири иш боюнча ачыкка чыгарбоо келишимине кол коюшкан. Басылманын кеңсеси 15-январдан тарта мөөр басылган.

Агенттик өзү 2006-жылдан бери иштеп, жакында 18 жылдык мааракесин белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15740