Чүй каналынан сөөгү табылган Аселдин жакындары: "Жансыз денеси суу жээкке чыгып калыптыр"
RU

Чүй каналынан сөөгү табылган Аселдин жакындары: "Жансыз денеси суу жээкке чыгып калыптыр"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Кант шаарында дайынсыз болуп изделип жаткан Жанарбек кызы Аселдин жансыз денеси 18-мартта табылган. Келиндин сөөгүн туугандары суу жээктен табышкан. Алар "Сокол Медиа" сайтына Аселди издөө иштери тууралуу айтып беришкен.

Аселдин агасымын деген Чолпонбек 1 айдан бери издөө иштери тынымсыз жүргөнүн айтат.

"Карындашыбыздын жансыз денеси суунун жээгине чыгып калыптыр. Биз өзүбүз таптык, куткаруучулар чыккан эмес. Күндө эле өзүбүз карап, издеп жатканбыз. 18-мартта кыздын атасы, кайын журту, милиция кызматкерлери болуп издеп жүргөнбүз. Аселдин кайнагасы экөөбүз баратып таап алдык", - деген ал.

Аселдин атасы кызынын өлүмүнө күйөө баласын жана куда тарабын айыптап, аларды суракка алуу керек деген.

"Кызымдын сөөгү экспертизага берилди. Эми ушул ишти аягына чейин карап берсе жакшы болмок. Ушул бойдон калтырып койбосо дейм. 1 ай 2 күн дегенде табылды. Жакшылап издегенде мурда эле табылмак экен. Куда тарапты, күйөө баланы жакшылап суракка алып, тактап беришсе... Ошол тарап күнөөлүү, ошолор жооп бериши керек. Себеби ызы-чуунун баары алардын үйүндө болуп жатпайбы. Эгерде алар ызы-чуу чыгарбаса кыз сууга түшпөйт эле да", - деди Аселдин атасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15748