Садыр Жапаров "митингден коркпойбуз" деген сөзүнө түшүндүрмө берди
RU

Садыр Жапаров "митингден коркпойбуз" деген сөзүнө түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине буга чейин маек берип, анда "митингдерден коркпойбуз, митингге чыккандардын башынан сылап отурбайбыз, жооп катуу болот" деген. Президенттин бул билдирүүсүн айрымдар коркутуу, кээ бирлери укуктарын чектөө катары караганына байланыштуу өлкө башчы буга чейинки сөзүнө түшндүрмө берди.

"Убагында биз да митингдерди уюштурганбыз. Бирок биз, биздин пайдабызга чечилип жаткан жакшы иштерди бурмалап, жеке кызыкчылыгыбыз үчүн митинг уюштурган эмеспиз да.

"Кумтөр" өз элибиздин кызыкчылыгына иштесин, казынадан суук колуңарды тарткыла, элибиздин жашоосун оңдогула" деп митинг уюштурчубуз.

"Кумтөрдү" алдык. 30 миллиард сомго жакын салык төгүп жатат. Андан сырткары 30 миллиард сомго жакын таза киреше берип жатат. Мурда биздин пайдабызга 5 миллиард сом салыктан башка "койдун корголу" жок болчу. Бюджет дээрлик үч эсеге көтөрүлдү.

Салык, бажы системасындагы уурулукту дээрлик 90 пайызга жок кылдык. Армиябызды, күч түзүмдөрүн болуп көрбөгөндөй күчтөдүк. Мектеп, жол, бала-бакчалар салынып жатат. Түшкө кирбеген мега долбоорлор башталды. ГЭСтер, ишканалар, маданий жана социалдык объектилер курулууда. Ортолоп калган долбоорлор, башталып жаткандары бар. Алар жылдан жылга ишке бериле баштайт. Жылдан жылга алар жемишин берип, экономикабыз мындан дагы күчтөнөт. Эмгек маяналар, пенсия, жөлөк пулдар дагы жогорулайт. Калкыбыздын жашоо турмушу дагы жакшырат. Кара жаныбызды карч уруп, эл үчүн иштеп жатабыз.

Анан эмнеге митингге чыгышыңар керек? Мурдагыдай 200 эле киши жалпы элдин ырыскысын уурдап жашаган жашообуз жакшы экен деппи? Биз андайларга жол бербейбиз. Мен бул сөзүм менен коркуткан жокмун. Укуктарын да чектебейм.

Жөн гана 200 коррупционер менен бийликке таарынган уурулардын, кызматынан ажырагандардын кызыкчылыгын эмес, 7,5 миллион элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коём. Коргойм. Бул менин эл ишенип добуш берген түздөн-түз милдетим", - деген президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15751