Президент дааватчылар кандай болушу керек деген пикири менен бөлүштү
RU

Президент дааватчылар кандай болушу керек деген пикири менен бөлүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров жаңы шайланган муфтий Абдулазиз Закировду 13-мартта кабыл алып, динди жайылтууда Исламдын салттуу баалуулуктарына туура келбеген айрым көрүнүштөргө тынчсыздануусун билдирүү менен салттуу ханафий мазхабын кармануу зарылчылыгына басым жасоого чакырган. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары президент дааватка каршы экен дегендер болгон.

Президент "Кабар" маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде дааватка болгон мамилеси тууралуу пикирин билдирди.

"Эптеп эле менин сөзүмдү бурмалап, элге мени жаман көрсөткүсү келген жарандарыбыз бар. Башка иштеримден эч бир кыйкым таба албай ушул дааватчылар жөнүндө айткан сөзүмдү бурмалап жатышса керек.

Муфтийди кабыл алганда дааватчылардын кийинген кийимдерин оңдойлу, башка өлкөлөрдүн салттарын сиңирбей, өзүбүздүн эле улуттук салттарды жайылталы, эң жок дегенде медресени бүткөн же ислам университетин аяктаган билимдүү балдарды дааватка чыгаралы деген сунушумду айттым. Эмне үчүн?

Мен республикабыздын ар булуң-бурчунан келген кишилерди көп кабыл алам. Өткөндө бир агайды кабыл алдым. Ал киши ушул дааватчылар жөнүндө кеп кылды. "Биздин айылга төрт-беш бала келип даават айтып жүрүшүптүр, албаа-далбаа болуп кийинип алышкан, анысы аз келгенсип кийимдери кир, жогорку билимдери жок, болгону 11-класс билимдери гана бар экен. Сакалдары курсагына жеткен. Мен өзүм мугалиммин. Көп жыл мектеп директору болдум, менин дин боюнча билимим алардыкынан жогору болуп чыкты. Анан ошолор мага акыл үйрөтөбү" дейт. "Аларды уят кылып кетирдим. Ошондой көрүнүштөрдү бир жолго салсаңыздар жакшы болот эле. Ошондойлорду көрүп кээ бир башка диндеги жарандарыбыз биздин динибизди жек көрүп жатышат" деп өзүнүн жакшы эле оюн айтты. Мен деле туура көрдүм. Ошол үчүн муфтийди кабыл алып, ушул темада баарлаштык. Мен дааватты колдойм.

Молдонун, ажынын баласымын. Дааваттын зыяны жок. Дааваттан 90-жылдардан бери канча деген жарандарыбыз оң жолго түшкөнүн өз көзүм менен көргөм.

Болгону дааватка чыккандарды зыңкыйтып кийинтип, сакал муруттарын тегиздеп, билими толук, кандай гана суроолор болсо жооп бере алгандарды жиберсек жакшы болот эле.

Ошондо элибиз да дааватчыларга ишенип, аларды кунт коюп угуп, ээрчийт эле. Бул пикиримди муфтий да туура көрдү. Илгери аалымдар (дааватчылар) динге эле эмес, илимге дагы үйрөтүшкөн. Ар кайсы тилдерди окуткан.

Мына ушул маселелер боюнча сөз болду. Келгиле азыр деле илгерки аалымдардын жолун жолдоп, дин менен бирге билимге чакыралы, илимге үйрөтөлү", - деп түшүндүрдү президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15752