Өлкөнүн жаңы муфтийи Абдулазиз Закиров болду. Өмүр баяны
RU

Өлкөнүн жаңы муфтийи Абдулазиз Закиров болду. Өмүр баяны

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын муфтийи кызмат ордуна Абдулазиз Закиров бекитилди. Бул туурасында Муфтияттан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 10-февралда Кыргызстан мусулмандарынын 8-чи кезексиз курултайы өтүп, анда өлкөнүн муфтийи шайланды.

Закиров Абдулазиз Назирбековичтин өмүр таржымалы

  • Абдулазиз кары Закиров 1979-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Ал аталган айылдагы С. Нурдавлетов атындагы №24 орто мектебинде билим алган.

Билими: жогорку

  • 1993-1998-жылдары- Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы хафыздык Куран курсунда окуган;
  • 2009-2015-жылдары - Бишкек шаарындагы "Расул Акрам" ислам институтунда илим алган;
  • 2015-2018-жылдары - Укук-Бизнес жана билим берүү академиясынын юриспруденция адистиги боюнча бүтүрүүчү.

Эмгек жолу жана ишмердүүлүгү

  • 2002-2005-жылдары - Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы "Абу Бакр ас-Сыддык" медресесинин мүдүрү, "Абу Бакр" мечитинин имам-хатибинин орун басары;
  • 2005-2008-жылдары - Аламүдүн районунун баш имам-хатиби;
  • 2008-2011-жылдары - Чүй облусунун мусулмандарынын казысынын 1-орун басары;
  • 2011-2013-жылдары - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби;
  • 2012-жылы - Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар Кеңешинин мүчөсү (азыркы Аалымдар Кеңеши);
  • 2013-2021-жылдары - Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы;
  • 2021-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенип келген.

Сыйлыктары

  • 2005-жылы - "Абдулла ибн Аббас" медресесинде өткөн Куран конкурсунун жеңүүчүсү;
  • 2015-жылы - КМДБнын Азирети Муфтийинин Алкыш баракчасы;
  • 2017-жылы - "Аймак" облустук коомдук-саясий гезитинин редакциясы тарабынан жылдын мыктысы наминациясы ыйгарылган;
  • 2021-жылы Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинен "Ардактуу Казы" алкыш баракчасы ыйгарылган. Мындан сырткары бир нече Ыраазычылык каттардын жана Алкыш баракчалардын ээси.

Араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

Үй-бүлөлүү, үч уул, бир кыздын атасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15520