Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын штаб башчысы СИЗОго киргизилди
RU

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын штаб башчысы СИЗОго киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын штаб башчысы, милициянын полковниги Алтынбек Козубаев СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу Kaktus редакциясына Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Белгиленгендей, Биринчи Май райондук соттун 22-марттагы чечими менен ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылган. Тагыраагы, К.А.К`га (Козубаев Алтынбек) 2024-жылдын 12-апрелине чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

Козубаевге 209-берене "Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык" боюнча айып тагылган.

Белгилей кетсек, 21-мартка караган түнү Чүй ОИИББдин Башкы штабынын башчысы, милициянын полковниги Алтынбек Козубаев 180 миң долларга алдамчылык кылган деген шек менен ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кармалган. Ал Кытай жаранын алдаган деп шектелүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15787