Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россияга баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт
RU

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россияга баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-жылдын 22 мартында Москва шаарындагы "Крокус сити холл" концерттик залында көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген террористтик актка жана Россиянын баардык аймактарында коопсуздук жана антитеррордук коргонуу чаралары күчөтүлгөндүгүнө байланыштуу, Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү сунуштайт:

  • - Россия Федерациясына барууга жүйөлүү негизи жок жарандардын кошумча коопсуздук иш чаралары жана мамлекеттик чек арадан өткөрүүдө күчөтүлгөн тартипти колдонуу режими токтотулган учурга чейин убактылуу Россиянын аймагына кирүүдөн баш тартуусу;
  • - өзүнүн сапарын пландаштырып койгон жарандардын алдын ала Россия Федерациясына кирүүгө чектөө бар же жок экендигин Россиянын ИИМнин сайтынан (mvd.ru) алдын ала текшерүүсү;
  • - Россия Федерациясынын аймагында буга чейин эки же андан көп жолу административдик укук бузган жарандардын мамлекеттик чек арадан өтпөй калуусун жана андан улам келип чыккан кесепеттерди болтурбоо максатында Россиянын аймагына баруудан баш тартуусу;
  • - Россия Федерациясынын аймагында жүргөн жарандардын массалык элдер топтолгон жайларга баруудан баш тартуусу, жанында өздүгүн жана Россиянын аймагында мыйзамдуу жүрүүсүн тастыктоочу документтерди алып жүрүүсү;
  • - Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан коомдук коопсуздукту камсыздоо иш чараларын жүргүзүү учурунда алардын мыйзамдуу талаптарын аткаруусу.

Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда жарандар Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагы Элчилигинин ыкчам номери +7 925 115 50 47 жана Тышкы иштер министрликтин Консулдук департаментинин ыкчам номери +996 999 312 002 менен байланышуусу зарыл.

Эскерте кетсек, 22-март күнү кечинде Москванын жанындагы Красногорск шаарындагы Crocus City Hall концерттик залында бир нече адам ок чыгарган. Имаратта жарылуу болуп, өрт чыккан. Айрым маалыматтарга караганда, кеминде төрт киши болгон куралчан адамдар ок чыгарган.

Имараттын үчтөн бир бөлүгү күйүп, коюу кара түтүн чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр чатырдан адамдарды чыгарып, 100дөй адамды эвакуациялашты. Анын кесепетинен имараттын олуттуу бөлүгү күйүп кеткен.

Россия Федерациясынын Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгоду. ФСБнын жетекчиси Александр Бортников президент Владимир Путинге 11 адамдын кармалганы тууралуу маалымат берди. Кармалгандардын арасында Crocus City Hallдагы терактка түздөн-түз тиешеси бар төрт террорист бар. Алдын ала маалыматтарга караганда, кармалгандар "ИГИЛ" террордук уюмуна тиешелүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15791