Терракттан 100дөй адамды куткарган кыргызстандык Ислам казак эмес, кыргыз. Атасы Сузактан
RU

Терракттан 100дөй адамды куткарган кыргызстандык Ислам казак эмес, кыргыз. Атасы Сузактан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Крокус Сити Холлдогу" гардеробдо иштеген 15 жаштагы Ислам теракт учурунда имараттан 100дөй адамды сыртка аман-эсен алып чыкканын россиялык Telegram-каналдар жазып жатышат.

Өспүрүм терракт учурунда сыртка чыгууга эшик жок жерге топтолгон элди башкарып, башка жол менен "Экспого" өткөрүп, анын кызматтык эшиги менен жоон элди көчөгө чыгарганга жетишкен.

Исламдын үй-бүлөсү Кыргызстандан Москвага көп жыл мурун көчүп барган, ал эми бала өзү Россияда туулуп-өскөн. Баатыр жана анын ата-энеси менен президенттик администрациянын маалыматтык кызмат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков байланышып, баланын атасы Жалал-Абаддын Сузагынан, апасы Өзгөндөн экенин билди.

Ошондой эле Исламга Россиянын муфтийи терактта адамдарды сактап калган үчүн сыйлык тапшырмай болду.

Көп узабай рэп аткаруучу Моргенштерн 1 млн рубль берип, баатырларды жүзүнөн таанып жүрөлү деп айтты. Ага Ислам абдан ыраазы болуп, жашоомду бир топ жеңилдеттиң деп рэп аткаруучуга рахматын айтты.

"Риа Новостинин" маалыматына ылайык, Муфтий Равиль Гайнутдин ата-бала Халиловдорго жеке чакыруусун жөнөттү.

"Ыйык Орозо айынын жума күнүндө Собор мечитинде 15 жаштагы Ислам чыныгы эрдиги жана элди сактап калгандыгы үчүн Россиянын мусулмандарынын Эмгек медалы менен сыйланат", - деп айтылат билдирүүдө.

"Крокус Сити Холлдо" официант болуп иштеген эки кыргызстандык айым дагы эле табыла элек.

Эске салсак, 22-март күнү кечинде Москванын жанындагы Красногорск шаарындагы Crocus City Hall концерттик залында белгисиз адамдар ок чыгарган. Имаратта жарылуу болуп, өрт чыккан. Кээ бир маалымат боюнча, кеминде үч киши болгон куралчан адамдар ок атышкан. 130дан ашык адам өлгөнү кабарланууда.

Имараттын үчтөн бир бөлүгү күйүп, коюу кара түтүн чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр чатырдан адамдарды чыгарып, 100дөй адамды эвакуациялашкан. Россия Федерациясынын Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгоду. ФСБнын жетекчиси Александр Бортников президент Владимир Путинге 11 адамдын кармалганы тууралуу маалымат берди. Кармалгандардын арасында "Крокус Сити Холлдогу" терактка "түздөн-түз тиешеси бар" делген төрт террорист бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15781