"Крокус" иши боюнча сегизинчи адам камалды. Ал Кыргызстанда төрөлгөн
RU

"Крокус" иши боюнча сегизинчи адам камалды. Ал Кыргызстанда төрөлгөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Крокус Сити Холлдогу" теракт боюнча Москванын Басман соту сегиз адамды камакка алды. Сегизинчи шектүү Алишер Касимовду терактты уюштурган делгендердин бирине батирди ижарага берген деп айыпталууда.

Сотто Касимов "Авитого" ижарага батир бериле тургандыгы боюнча жарнакты илип койгонун жана ижарачылардын терроризмге тиешеси бар экенин билбегенин айтты.

Анын жеке маалыматтарына караганда, Касимов Кыргызстанда туулган, Россиянын жарандыгын алган, Москванын Красногорск районундагы Путилково кыштагында катталган. Ал 32 жашта, үй-бүлөлүү, үч баласы бар, жеке ишкер катары кафе иштетет, мурда соттолгон эмес.

Камакка алынган Алишер Касимовдун апасы 59 жаштагы Ранонун айтымында, уулу "Халал" кафесинде ашпозчу болуп иштеп жаткан. Анын 1, 2 жана 3 жаштагы балдары бар. Теракт жасады деп айыпталгандарга ижарага берилген батир ипотекага алынганын кошумчалаган. Рано уулунун күнөөсү жок экенин айтат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Алишер Касимов 2014-жылы Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгып кеткенин маалымдады.

"Ушуга байланыштуу аталган жарандын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн жана консулдук мекемелердин компетенциясына кирбейт", - дешет министрликтен.

Эскерте кетсек, 22-мартта кечинде Москванын Красногорск шаарындагы "Крокус Сити Холлдун" концерттик залында бир нече адам ок чыгарган. Имаратта жарылуу болуп, өрт чыккан. Анын кесепетинен 137 адам каза болгону кабарланды. Россия Федерациясынын Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгоп, 11 адамдын кармалганын маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15804