"Эл нааразы." Балбак Түлөбаев Садыр Жапаровго кайрылды (видео)
RU

"Эл нааразы." Балбак Түлөбаев Садыр Жапаровго кайрылды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев президент Садыр Жапаровго кайрылды.

Жыйында Азия өнүктүрүү банкынын "Айыл чарбасында климатка туруктуу нарк чынжырларын өнүктүрүү" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо маселеси каралды.

Түлөбаев "президенттин командасы чечим кабыл алууда этият болушу керек" деп эсептейт.

"Акыркы убакта биз кайра эле эски жолго түшүп алдык да. Урматтуу Садыр Нуркожоевич, мен сизге кайрылат элем. Кичине абайлаш керек болуп жатат айланаңыздан. Электр жарыгынын баасын кайрадан көбөйтүп жатышат. Бул коркунучтуу нерсе. Муну өткөнбүз. Башында айтпадыңыздар беле могу тарифтерди көбөйтүп берип койсоңор, электр жарыгына болгон бааны көтөрбөйбүз деп? Кайра эле экинчи баскычы келет, анан үчүнчү баскычы келет. Мына, элдерди кыдырып келдик, абдан нааразычылык көп. Бул билинбей жыйыла берет. Акырын эсибизге келбейлиби урматтуу өкмөт?! Жума сайын насыяны карап жатабыз. Ооба насыя алыш керек, өнүгүш керек, алдыга жылыш керек. Жеңил насыялар бар 30-40-50 жылдык. Бул нормалдуу көрүнүш. Мен насыя албай өкүм сүрөм деген - бул жаңылыштык", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15842