Зордукталган кыздын атасы экспертизанын корутундусу, далилдер жоголгонуна нааразы болду
RU

Зордукталган кыздын атасы экспертизанын корутундусу, далилдер жоголгонуна нааразы болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага зордукталган кыздын атасы кайрылып, укугу бузулуп жатканына арызданды. Ал кызын зордуктоо боюнча кылмыш иштин алкагында сот отуруму 2023-жылдын май айынан ушул күнгө чейин созулуп жатканына нааразы болду.

Экспертизанын корутундусу, шектүүнүн көрсөтмөсү жоголуп кеткен

Акыйкатчы институту кыздын атасы зордуктоо боюнча экспертизанын жыйынтыгы жоголуп кеткенин айтып, чоочулап жатканын билдиргенин айтат.

"Сотто айыпкердин жактоочусу аны актоо үчүн кызымды каралап жатат. Зордуктоо 2022-жылдын декабрь айында болгон. Ошондон бери биз адилеттик үчүн күрөшүп келебиз. Бирок тергөө жана прокуратура органдары тарабынан биздин укуктарыбыз одоно бузулуп жатат.

Мыйзамга ылайык, жабыр тарткандардын укуктарын коргоону камсыз кылууга милдеттүү болгон мамлекеттик органдар далилдерди жоготуп, ал эми экспертиза ар кандай корутунду чыгарып жатат", - деп нааразы болду ата.

Айтымында, беттештирүү учурунда кылмышка шектүү кызга спирт ичимдиктерин ичирип, мас кылып зордуктаганын моюнга алган. Ошондой эле ал боюна болтурбоо үчүн кызга дары ичиргенин да айтып берген. Сурак кылмышка шектүүнүн жактоочсунун катышуусунда болгон. Ал эми сурактын жүрүшү видеого тартылган.

"Мунун баары шектүү кармалган биринчи күнү болгон. Ошол эле учурда тергөөчү соттук-медициналык экспертиза өткөрүү жөнүндө токтом жазып берген.

Экспертиза кыздын кыздык белгисинде бузулуу бар деп зордуктоого кабылганын тастыктады. Эксперттин алдын ала корутундусу ишке тиркөө үчүн тергөөчүгө өткөрүп берилди. Кийинчерээк кылмыш иштин материалдарында шектүү зордуктоону моюнга алган видео жок экени белгилүү болду.

Алардын айтымында, тартуу иштери башталганда камераны басууну унутуп калышкан имиш. Ушул кантип болсун? Зордуктоо ырасталгандан бир нече күн өткөндөн кийин мага эксперттик кызматтан телефон чалып, экспертиза жүргүзүү үчүн кайра келүүнү суранышты. Бизди 4-5 дарыгер күтүп жатышыптыр, алар текшерүү жүргүзүшүп, жыйынтыгында эч кандай кыздык белгиси бузулган эмес жана жабыркоо жок экенин айтышты. Биз ачууланып жеке клиникадан гинеколог чакырдык, ал кызбыздын зордуктоого кабылганын аныктап берди. Ошого карабай экспертиза бизге кыздык белгиси бузулган эмес жана жабыркоо жок деген корутундуну берип коюшту", - деп нааразы болду.

Окуя качан, кандай болгон?

Жабырлануучу кыздын атасынын айтымында, 2022-жылы 7-декабрда 2007-жылы туулган кызы мектепке кеткен бойдон үйүнө келген эмес. Алар ошол эле күнү Аламүдүн РИИБне арыз менен кайрылган.

9-декабрда милиция кызматкерлери кыздын уюлдук телефону аркылуу болжолдуу жайгашкан жерин табышкан. Издөө иштеринин жыйынтыгында кыз Бишкектеги Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринен табылган. Андан тышкары батирде эки жигит жана дагы бир кыз болгон. Аларды милиция ички иштер бөлүмүнө алып кеткен.

Окуучунун атасы кызы табылганын, аман-эсен экенин, дооматынан баш тартаарын билдирип, арыз жазыш керек болчу. Бирок бул маалда башка бөлмөдө отурган өспүрүм кыз терезеден секирүүгө аракет кылган. Ошол учурда аны токтотконго жетишип калышкан. Андан кийин кыз ыйлап, кармалгандардын бири аны зордуктаганын айтып берген. Кыздын атасы бул иш боюнча дароо милицияга арыз жазган, бирок кылмыш башка райондо болгондуктан, иш башка РИИБге өткөрүлүп берилген. Ал эми кылмышка шектүү дароо кармалган.

Кыз табылган үйдө тинтүү иштери жүргүзүлүп, билологиялык суюктуктар бар кыздын колготкиси табылган. Бирок тергөө учурунда шектүүнү Казакстанда жүргүзүлгөн экспертизанын талаштуу корутундусуна таянып коё берип жиберишкен. Азыр ал дээрлик бир жылдан бери эркиндикте жүрөт.

Акыйкатчы мамлекеттик органдарды кыздын укуктарынын камсыздоого чакырат. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү учурунда кыздын укуктарынын бузулушу боюнча мамлекеттик органдарга тиешелүү расмий суроо-талаптарды жиберет.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15867